27-мартта Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Липенка айылында ишембилик уюштурулду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын катышуучулары 4,5 гектар жерге 9 миң көчөт отургузушту. "Ишембилик ашар жолу менен өттү. Анда райондук администрациянын бардык кызматтарынын 450 кызматкери катышты. Алардын арасында медиктер, мугалимдер, маданият тармагынын, Салык кызматынын өкүлдөрү болду. Көчөттөрдү кароо айыл өкмөтүнө жүктөлдү. Мындай иш-чаралар облустун дагы башка шаарларында жана айылдарында жүргүзүлөт",- деп айтылат маалыматта.