Алай районунун Кабылан-Көл айылында жаңы мектеп курула баштады, мурунку мектеп жараксыз абалга келген

Ош облусундагы Алай районунун Кабылан-Көл айылында 225 окуучуга ылайыкталган эки кабаттуу окуу корпусунун курулушун баштоо аземи болду. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаев, Абдывахаб Нурбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мектеп Ош облусунда 2015-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча чараларга ылайык курулууда. Э.Мурзаев атындагы орто мектеп 190 орунга ылайык болгондуктан, 600 окуучу кезектешип үч нөөмөт менен билим алышып, бир топ түйшүктөр жаралып келген. Эгерде кошумча окуу корпусу аяктаса, окуучулар толук кандуу билим алууга жетишет.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн мектеп 4-даражада жараксыз абалга келген. Учурда окуучулар 3 нөөмөт менен окуп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
edu.kg.
2016-03-28 09:56:47
Жанар Акаевдин туулуп оскон айылыго.
0
joka-mos
2016-03-28 10:51:46
Менин ата бабам оскон айыл!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан