29-мартта Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүүгө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу "Бишкек суу-канал" ишканасына шилтеме берүү менен мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Садыгалиев, Профсоюз, Фучик көчөлөрү жана темир жол менен чектешкен айрым аймактарда таза суу болбойт. Ошондой эле таза сууга чектөө киргизилген аймактардын катарында Кызыл-Аскер кичи району, 110-квартал аймагы, Достук кичи району, Сельсовет, Кайназарова көчөлөрү кирет.
"Бишкек суу-канал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.