Бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинде "Кумтөр кенинин аймагында жайгашкан муздардын абалы жөнүндө" маселени иликтөө боюнча эксперттик топтун отчёту боюнча парламенттик угуу өтүүдө.
Анын жүрүшүндө Борбор Азиянын жер изилдөө институтунун ага илимий кызматкери Рыскул Усубалиев Кумтөр кенинин аймагында температуранын өсүп баратканы мөңгүлөргө таасир этүүдө.
"Жылдан-жылга аталган кендеги ири мөңгүлөрдүн кыскарганы байкалууда. Мындан улам Ысык-Көлдүн суу деңгээли өзгөрүүдө",- деди Усубалиев.
Айта кетсек, парламенттик угууга депутаттар, эксперттер, саясий жана экономикалык серепчилер катышууда. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынмакчы.