Футбол боюнча Тажикстан курама командасынын машыктыруучусунун милдетин аткаруучу Мубин Эргашев жүрөк оорусуна байланыштуу бейтапканага жеткирилди. Бул тууралуу Тажикстандын Футбол федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 42 жаштагы футбол адисине дарыгерлер убактылуу футболду таштоону, ден соолукка кам көрүү үчүн бейтапканага жатууну кеңеш кылышкан. Команданы 29-марттагы кыргыз футболчуларына каршы беттешке анын жардамчысы Роман Пилипчук даярдап, жетектеп чыгат.
Кошумчалай кетсек, Тажикстан - Кыргыз Республикасы беттеши 29-мартта Бишкек сааты боюнча 19:00дө орун алат. Беттеш Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун 10-турунун алкагында "В" тайпасында өтөт.
Кыргыз футболчулары Дүйнө чемпиондугуна баруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарганын, тайпада 3-орунду ээлегенин эске алганда, бул оюнда жеңиш же жеңилүү тайпадагы абалды өзгөртпөйт. Атаандаштар спорт принцибине таянып, жеңиш үчүн майданга чыгууну максат кылышууда.