Депутат Бакиров "Кумтөр" маселесинин саясатташып кеткенине нааразы

"Кумтөр" маселесин саясатташтырбай, экономикалык жана экологиялык жактан кароо керек. Мындай пикирин бүгүн, 28-мартта "Кумтөр кенинин аймагында жайгашкан муздардын абалы жөнүндө" маселеге арналган парламенттик угууда депутат Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, окумуштуулар Кумтөрдөгү мөңгүлөрдү изилдөө иштерин жүргүзүп, бүгүнкү парламенттик угууда маалымат даярдап келишти. "Акыркы жылдары "Кумтөр" маселеси көп талкууланып жатат. Бул маселе саясатташып кетти, бирок талкууну илимий маалыматтарга таянып жүргүзүү керек. Биз аталган кенде эмне болуп жатканын, кандай өзгөрүүлөр болгонун, кандай кадамдарды жасоо керектигин билишибиз зарыл",- деди Бакиров.

Айта кетсек, парламенттик угууга депутаттар, эксперттер, саясий жана экономикалык серепчилер катышууда. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан