Кыргыз иллюзионисттери Индияда дүйнөдөгү чыгаан көз боёмочулар менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту

Кыргыз жергесинин иллюзионисттери Радислав Сафин менен Ольга Крамер Индиянын Нью-Дели шаарында өтө турган көз боёмочулардын эл аралык конференциясына катышат. Муну бүгүн, 28-мартта маалымат жыйынында иллюзионист Радислав Сафин билдирди. Анын айтымында, аталган иш-чара 22-24-апрель күндөрү өтөт жана ага дүйнө жүзүнүн мыкты 400 иллюзионисти чакырылган.

Бизди эл аралык конференцияга 1982-жылы түзүлгөн Индиянын көз боёмочулар уюмунун өкүлдөрү чакырышты. Иш-чара 3 күн болуп, анда сынактар өткөрүлөт экен. Бизден күнүгө чыгып номер көрсөтүүбүздү өтүнүп жатышат. Ольга экөөбүздүн сүйүнүчүбүз койнубузга батпай турган чак, анткени ал жерден иллюзиянын дүйнөлүк жылдыздарын көрүп, алар менен баарлашсак болот”,- дейт Сафин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eliza_askarova
2016-03-28 14:51:29
Жакшы жолдору шыдыр болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан