"Жашылдандыруу" ишканасы шаарды көрктөндүрүү иш-чараларынын алкагында сейил бактарда жана көчөлөрдө 3854 жазы жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга катар 1327 ийне жалбырактуу дарак көчөттөрүн, 2895 бадал, 312 610 чыт көчөттөрүн, 22 155 түп роза отургузуу, 99 889 чарчы метр аймакка шибер чөптөрүн өстүрүү пландалган.