29-марттан 1-апрелге чейин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-майор Марат Кенжисариев жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын орун басары, полковник Нурлан Чомоев жана башка кызмат адамдарынан турган Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн делегациясы Москва шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Башкы штабдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш сапардын жүрүшүндө Орусия Федерациясынын аскердик-техникалык кызматташтык боюнча Федералдык кызматынын жетекчилиги жана Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал Валерий Герасимов менен жолугушуу болот. Анда аскердик-техникалык кызматташтык, аскердик-техникалык жардамдарды жиберүү жана кыргыз жергесинин аймагындагы Бириккен орусиялык аскер базасынын иш жүргүзүүсү тууралуу маселелер каралат.