Эртең, 29-мартта А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Бир кадрдагы өмүр” аттуу социалдык роликтер сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалым болгондой, сынак 2016-жыл - Тарых жана маданият жылына карата уюштурулду. Анын негизги максаты:
Сынакка үй-бүлөлүк баалуулуктар, жоопкерчилик, гуманизм, мекенге, ата-энеге болгон сүйүү, дени сак жашоо образы, ыйман, адеп-ахлак жана башка темалар киргизилген.
“Кыргыз элинин байыркы тарыхын, бай маданиятын, рухий мурасын сактоодо жана өнүктүрүүдө жаштарга көмөкчү болуп, алардын кең келечеги үчүн талыкпай эмгектенип, өсүп келе жаткан муунга шарт түзүп беришибиз керек. Аталган сынактын жалпы байге фонду жүз миң сомду түзөт”,- деп айтылат маалыматта.