Бүгүн, 28-мартта Бишкекте окуучулардын республикалык предметтик олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи орун алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 25-26-март күндөрү Бишкекте орун алган республикалык олимпиадага бардык аймактардын окуучулары катышкан. Анда математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили сыяктуу предметтер боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында командалык эсепте 1-орунду Бишкек шаарынын окуучулары ээлешти. 2-орунду Ысык-Көл облусунун, 3-орунду Баткен облусунун окуучулары алышты. Жеңүүчүлөр диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.