K-News сайтынын кабарчысы Башкы прокуратурага чакырылды

K-News сайтынын кабарчысы Нурзада Тынаева Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Редакциянын билдиришинче, эгерде кабарчы келбесе, аны мажбурлап алып кетери айтылган.

Журналистти Башкы прокуратуранын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Эмил Жанаев чакырганы белгилүү болду. "Бүгүн редакцияга Башкы прокуратурадан чалышып, журналистти сайтта жарыяланган оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү боюнча видеотасмага байланыштуу көрсөтмө берип кетүүгө чакырышкан. Бирок бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарчы энергетикалык тармак боюнча жазган макаласына түшүндүрмө берүү үчүн чакырылганын айтышты",- деп билдирет редакция.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан