Өкмөт маданият мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн акчанын жарымын өзүнө алганы жатат

Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 29-мартта мамлекетке караштуу имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын бөлүнүшүн тактоого багытталган мыйзамдын долбоорун карады.

Демилгечилердин айтымында, иштеп жаткан мыйзамда маданият мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын 30 пайызы республикалык бюджетке, 70 пайызы ошол имараттарга жумшалып келген. Өкмөт ал каражатты теңме-тең бөлүүнү сунуштоодо. Ижарадан түшкөн каражат өсүп жаткандыктан, имаратты кароого багытталган акча кыскарбай турганын айтууда.

Талкууда депутаттар маданий жайлардын, билим берүү мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттын бөлүнүшүн кайра кароо сунушуна каршы пикирин билдирип, ижара акысынын 70 пайызын мекеменин өзүндө калтырып, 30 пайызын республикалык бюджетке которуу сунушун берген. Комитет мүчөлөрү каражатты бөлүүнү өкмөт өзү аныктасын деген чечимге келген.

Мыйзамдын долбоору экинчи окууда жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан