Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков 30-мартта Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Андраш Барани менен жолугушту.
Асылбек Жээнбеков азыркы учурда кыргыз өлкөсү менен Венгриянын ортосундагы экономика айдыңында өз ара кызматташтык мамилелерин өнүктүрүүдө бардык мүмкүнчүлүктөр пайдаланылбай жатканын белгиледи. Түрдүү долбоорлорду иштеп чыгып, ишке ашыруу керектигин жана биргелешкен ишканаларды ачуу зарылдыгын айтты. “Кыргыз мамлекетинде чет өлкөлүк инвестициялар жана бизнес баштоо үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн”,- дейт Жээнбеков.
Элчи Венгрия Дүйнөлүк банк аркылуу Борбордук Азия аймагына 20 миллион доллар бөлгөнүн, кыргыз өлкөсүнө саламаттык сактоого жана банк чөйрөсүн колдоого байланыштуу эки долбоорду ишке ашырууга 1,5 миллион доллар бөлүнгөнүн айтты.
“Быйылкы жыл эки тарап үчүн жемиштүү болуусу керек. Эки жактуу сапарлар, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар пландаштырылды. Дипломатиялык мамилелердин тарыхында мындай болгон эмес”,- деди Барани.