Бишкекке бүгүн, 31-мартта Германиянын тышкы иштер министри, Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайер иш сапары менен келет. Германиялык министр президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрмөкчү. Анын иш сапары 2 күнгө созулат.
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму дүйнөдөгү коопсуздук боюнча ири уюмдардын бири. Максаты - куралдуу күчтөрдү көзөмөлдөө, жарандык укукту коргоо жана таза шайлоого көмөктөшүү. Бириккен Улуттар Уюмунун атайын уюму болуп эсептелет жана конфликттик, кризистик, постконфликттик реабилитациялоо боюнча иш жүргүзөт.