Кыргыз Республикасында “Электр энергетикасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Демилгечилер мыйзамдын максаты электр энергиясын пайдалануучулардын укуктарын коргоо экенин айтып жатышат. "Иштеп жаткан мыйзамда жеткирип берүүчү тарап электр энергиясын талаптагыдай сапатта эмес же үзгүлтүктөр менен берсе, керектөөчүлөрдүн укуктарын жөнгө салуучу нормалар жок. Сунушталган мыйзам долбоору жеткирип берүүчү тарап электр энергиясын талаптагыдай жеткирип берген учурларда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында иштелип чыкты",- дешет демилгечилер.
Жарандардын коопсуздугу боюнча “эгерде электр энергиясын үзүү адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирсе, электр энергиясына болгон карызы үчүн керектөөчүлөрдүн электр энергиясын өчүрүп коюуга жеткирип берүүчүнүн укугу жок. Эгерде мындай аракеттердин айынан жарандын саламаттыгына зыян келсе, тийиштүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат” деген норманы киргизүү сунушталып жатат.
Долбоор учурда коомдук талкууда.