Бүгүн, 31-мартта Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев Германиянын тышкы иштер министри, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы Франк-Валтер Штайнмайер менен жолугушту. Алгач президент менен дипломат кол алышып, андан соң эки тараптуу кызматташтык жана террорчулукка каршы күрөшүү маселесин талкуулоого өтүштү.
Штайнмайердин бул иш сапары эки 2 күнгө созулат. Ал Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөлөрү менен да жолугушууларды өткөрмөкчү.
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму дүйнөдөгү коопсуздук боюнча ири уюмдардын бири. Максаты - куралдуу күчтөрдү көзөмөлдөө, жарандык укукту коргоо жана таза шайлоого көмөктөшүү. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун атайын уюму болуп эсептелет жана конфликттик, кризистик, постконфликттик реабилитациялоо боюнча иш жүргүзөт.