Премьер-министр: "Инвестиция үчүн ыңгайлуу чөйрө камсыз кылуу керек, анткени акча тынчтыкты сүйөт"

"Экономикадагы бизнес-климаттын жана инвестициянын сапаты бир нече катмар менен аныкталат. Инвестиция үчүн биринчи кезекте ыңгайлуу чөйрөнү камсыз кылуу керек, анткени акча тынчтыкты сүйөт",- деди бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Темир Сариев.

Анын айтымында, инвестиция тартууда өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулук жана укуктук маданияттын деңгээли маанилүү. "Өлкөдө кандай гана толкундоолор болбосун, инвесторлор үчүн мамлекетибиздин имиджин начарлатат. Бүткүл дүйнөлүк атаандаштык боюнча изилдөөгө ылайык, өлкө өнүгүшүнүн башкы элементи болуп нормативдик-укуктук базанын пайдалуулугу саналат. Инвестиция жана бизнести өнүктүрүү маселелерине комплекстүү мамиле кылышыбыз керек. Кандай гана өкмөт болбосун, аткаруу бийлигинин аракеттери жетишсиз болуп саналат",- деп билдирди Сариев.

"Бул тармакта оң жыйынтыктарга жетишүү үчүн аткаруу жана мыйзам бийликтин, жарандык коом, жергиликтүү бийлик органдары жана бизнес ортосундагы жоопкерчиликти туура бөлүштүрүү зарыл. Бул тармакта бардык бийлик органдарынын бирдиктүү иши керек",- деп чакырды премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан