Жогорку Кеңеш өкмөттүн инвестицияларды өлкөгө тартуу иш-чаралары тууралуу маалыматын эске алды

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын Өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко чыгаруу боюнча саясаты” темасы боюнча өкмөттүн маалыматы угулду. Жыйынга премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышышты.

Премьер-министр Темир Сариевдин жана экономика министри Арзыбек Кожошевдин маалыматынан кийин депутаттар суроо-жооп процедурасына өтүшкөн. Эл өкүлдөрү чиновниктерге туризм, айыл чарба, өнөр жай жана башка тармактар тууралуу суроолорун беришти.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт мүчөлөрүнө сунуштарын билдиришип, өкмөттүн маалыматын эске алуу боюнча чечимди кабыл алышты. Бул чечимге 92 депутат "макул", 1 депутат "каршы" добуш берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан