Автоунаа салыгын төлөгөн айдоочуларга 16 миңдей атайын чаптамалар берилди

Өлкөдө жыл башынан бери автоунаасынын салыгын төлөгөн айдоочуларга 16 857 атайын чаптамалар берилди. Бул тууралуу 1-апрелде Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салыктын төлөнгөнүн ырастоочу чаптама маалыматтык эсепти тапшырганда жана автоунаага салык төлөнгөндөн кийин салык органы тарабынан акысыз берилет. Салык кызматкеринин колу жана анын ысымдык мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Эскерте кетсек, автоунааларга салык төлөө фактысын ырастоочу атайын чаптамалар ушул жылдын башында киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан