Фарид Ниязов: "Айрым күчтөр мурдагы бийликтин тапшырмасын аткарып, 7-Апрелдин жетишкендиктерин каралоого аракет кылышууда"

"Бүгүнкү күндө айрым күчтөр мурдагы бийликтин тапшырмасын аткарып, 7-Апрель окуяларынын жетишкендиктерин каралоого аракет кылып жатышат". Мындай пикирин бүгүн, 1-апрелде 7-Апрель окуяларына арналган иш-чарада президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов билдирди.

Анын айтымында, аталган окуяларда курман болгондор эч качан унутулбайт. "Алар жогорку мамлекеттик кызмат же байлык үчүн эмес, алар адилеттүүлүк, чындык үчүн күрөшүшкөн. Алардын аттары жана улуу окуя тарыхтан өчүрүлбөйт. Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаев Аксы элинин астында сүйлөп жатып, 2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин адилеттик үчүн оор жолдогу үч ашуу экенин белгилеген",- деди Ниязов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан