Асылбек Жээнбеков "бүгүн мурдагыдай бийликке сын айткандарды куугунтукка алуу аракеттерине бөгөт коюлду" дейт

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар тобу Апрель окуяларынын 6 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов, вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева баштаган мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, Апрель окуяларынын катышуучулары, коомчулук өкүлдөрү келишти.

А.Жээнбековдун айтымында, бүгүн мурдагыдай бийликке сын айткандарды куугунтукка алып, көзүн тазалоо, тайраңдоо, мамлекет байлыгын көз көрүнө талап-тоноо сыяктуу жосунсуз жоруктарга бөгөт коюлду. "Өткөн алты жыл тарых үчүн көз ирмемчелик убакыт саналса да, элибиздин колдоосу менен, президентибиздин бекем саясий эркинин аркасында көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Кээ бир кемчиликтерге карабастан, Элдик революциянын негизги максаттары четинен жүзөгө ашууда. Эң негизгиси, Кыргыз Республикасы өзүнүн өнүгүү багытын – парламенттик демократия жолун тапты, бийлик менен элдин ортосундагы ажырым азайды",- деди Жээнбеков.

Айта кетсек, иш-чарада жогорку кызматтагы адамдар сүйлөгөн соң театрлашкан оюндар көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан