LG Electronics компаниясы бүгүн, 1-апрелде Lotte мейманканасында 2016-жылкы техникаларынын бир катар үлгүлөрүн сунуштады. Алардын арасында жука 2,4 мм экраны менен уникалдуу OLED-сыналгылары, 43төн 86 дюймга чейинки SUPER UHD жана UHD сыналгылары жана Full HD сыналгыларынын жаңыланган бир катар үлгүлөрү бар. Аудио жана видео продукциялар DJ-эффект X-Boom суперкубаттуу мини системи, саундбарлардын жаңыланган үлгүлөрү, жаңы музыкалык систем жана зымсыз портативдик колонка менен тартууланды.
LG компаниясы Орусия рыногуна 55, 65 жана 77-дюймдуу жалпак экрандуу OLED-сыналгыларын чыгаруу менен колдонуучулардын кеңири катмары үчүн OLED-сыналгыларын чыгаруучу жалгыз өндүрүүчү экенин тастыктады. OLED-сыналгыларынын бардык үлгүлөрү түстөрдү укмуш сапатта бергени менен айырмаланат. LG компаниясынын жаңы тизиминдеги бардык OLED-сыналгылары HDR – Dolby Vision жана HDR10 эң заманбап стандарттарды кармайт. Мындан тышкары OLED-сыналгылары harman/kardon® компаниясы менен биргеликте иштелип чыккан көп каналдуу аудиосистем менен жабдылган.
Жаңыланган X-Boom мини системиндеги үлгүлөр укмуштуу кечти түзүү үчүн жаңы функциялар менен жабдылган. "Акселератор вечеринки" функциясы кубаттуулукту 4800 Вт деңгээлине жана жарыктуулукту максималдуу чекке чейин көтөрүүгө мүмкүндүк берет. Быйыл компания тигинен жайгашкан кубаттуу X-Boom Solo аудиосистемин сунуштайт.
Өткөн конференциядагы дагы бир жаңычылдык тигинен жана капталынан жайгашкан FH6 музыкалык аудиосистеми болду. Компания тарабынан тартууланган саундбарлардын жаңы үлгүлөрү минималисттик дизайны жана жогорку сапаттагы материалда жасалганы менен айырмаланат.
Толугураак маалымат бул сайтта: http://www.lg.com/kz/press-releases/01042016pressrelease