1-апрелде президент Алмазбек Атамбаев менен "Газпром" компаниясынын жетекчиси Алексей Миллердин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Президенттик аппараттан билдиришкендей, сүйлөшүүдө Миллер, мамлекет башчынын кайрылуусуна ылайык, “Газпром” 2016-жылдын 2-кварталынан тартып 1000 метр куб жаратылыш газынын сатып алуу баасын 165 доллардан 150 долларга түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди.
Алмазбек Атамбаев менен компания жетекчиси “Газпромдун” катышуусу менен кыргыз өлкөсүндө ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлордун абалына жана келечегине байланыштуу маселелерди талкуулашты.