Жогорку Кеӊештин 6-7-апрелдеги жыйындарынын күн тартиби бекитилди

Жогорку Кеӊештин Координациялык кеӊеши парламенттин 2016-жылдын апрель айындагы ишинин календардык планын, 6-7-апрелдеги жыйындарынын күн тартибин бекитти.

Жогорку Кеӊештин 6-апрелдеги жыйынында "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Нотариат жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана башка мыйзам долбоорлору каралат.

7-апрелдеги жыйында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздары жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу", "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" сыяктуу бир катар мыйзам долбоорлорун кароо пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан