Өкмөт: Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин жалпы энергетикалык рыногуна кошулууга кызыкдар

Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин жалпы энергетикалык рыногуна кошулууга кызыкдар. Бул тууралуу 1-апрелде вице-премьер-министр Олег Панкратов Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

"2015-жылдын 12-августунда өлкөбүз бизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болгон. Биздин мамлекет үчүн келечектүү багыттардын бири - ЕАЭБдин түзүлүп жаткан жалпы энергетикалык рыногуна катышуу. Өлкөбүздүн энергетикалык потенциалын эске алганда, жалпы энергетикалык рынокко катышуу бизге электр энергиясын экспорттоого шарт түзүп гана эмес, жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды курууга инвестиция тартууга мүмкүндүк берет",- деди Панкратов.

Кыргыз тараптын аталган комиссиядагы өкүлү Данил Ибраев жалпы энергетикалык рынокко кошулуу энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга түрткү берерин белгиледи.

Белгилей кетсек, уюмдун жалпы энергетикалык рыногу 2019-жылдан тарта иштеп баштамакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан