Өкмөттө 1-апрелде Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.
Жыйында айтылгандай, Тарых жана маданият жылын өткөрүү планында каралган 78 иш-чара өз мөөнөтүнө жараша аткарылып, даярдыктар көрүлүүдө. Бул жылдын алкагында бир нече маданий, илимий иш-чаралар, Эл аралык балдардын тил жана маданият фестивалы, Бишкек шаарында балет фестивалы,
этномаданияттардын фестивалы, сүрөтчүлөрдүн эл аралык фестивалы жана музейлер жумалыгы өткөрүлөт.
Премьер-министр Темир Сариев быйылкы жылды жогорку деңгээлде өткөрүү, аны уюштурууга өзгөчө маани берүү керектигин жана бардык мамлекеттик органдар коюлган иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга жооптуу экенин эскертти.
Премьер-министр быйыл маданиятты өнүктүрүүгө жана өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар экенин эске салып, бул жаатта иштерди активдештирүүнү тапшырды.