Парламент депутаттары "Ысык-Көл" аэропортунун курулушун көрүштү

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары 1-апрелде "Ысык-Көл" Эл аралык аэропортунун курулушу менен таанышты. "Манас" Эл аралык аэропорту" компаниясынын өкүлү Абдималик Бусурманкуловдун айтымында, 2016-жылы "Ысык-Көл" аэропортунда 4 долбоор ишке ашырылат: жарык сигналдары менен жабдуу, конуу системинин жабдууларын орнотуу, электр жабдуулары менен камсыздоо, аэробекет комплексин кеӊейтүү.

Аэропорттун учуп-конуу тилкеси 2000 метрден 3800 метрге чейин узартылганы, эл аралык стандартка туура келери, былтыр Ту-154, Boing 737, Аэробус сындуу ири учактар конуп-учканы айтылды.

КСДП фракциясы Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдыкка арналган көчмө жыйын өткөрүүдө. Жыйында туристтик мезгилге жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык, "Тоо-лыжа кластери" долбоору боюнча КСДП фракциясынын чечиминин аткарылышы талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан