Бишкектин Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева үй камагына чыкты

Бишкектин Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева үй камагына чыгарылды. Муну бүгүн, 2-апрелде SUPER.KG порталына укук коргоо органдарынан жеке булактар тастыкташты.

Жанабаеванын ден соолугуна байланыштуу бүгүн Улуттук госпиталда Октябрь райондук сотунун көчмө жыйыны өтүп, айыпталуучуну үй камагына чыгаруу чечими чыкты.

Жанабаева жакында кылмыш ишине шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Көп өтпөй анын абалы начарлап, ооруканага жаткырылган эле. Чиновник катуу стресстин айынан ооруп калганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан