Жогорку Кеңеште сот реформасынын алкагында иштелип чыккан жаңы кодекстердин долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүп жатат

4-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттар тобу тарабынан сот реформасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан мыйзамдар топтомунун курамына кирген КРнын Административдик-процесстик кодексинин жана КРнын Жарандык-процесстик кодексинин долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүп жатат. Иш-чарага парламенттин депутаттары, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышууда.

Депутат Галина Скрипкинанын айтымында, өткөн чакырылыштын алты мыйзам долбоору иштелип чыккан. Ал мындай ири мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууга жергиликтүү жана эл аралык эксперттер, практик юристтер менен адистер тартылганын белгилеп, парламенттик угуунун катышуучуларын мыйзам талкуулоонун жүрүмүнө жигердүү катышып берүүгө чакырды.

Ал эми мыйзам долбоорлорунун өзүнө кайрыла турган болсок, тармактык комитеттин төрайымы азыр иштеп жаткан мыйзамда мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары анчалык такталбай калганын, Административдик-процесстик кодекстин долбоорунда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракети кыйла такталып берилгенин билдирди. Андан сырткары депутат мыйзам долбоорунун негизги максаты мамлекеттик бийлик органдарынын бардык иш-аракетин мыйзам алкагына алып келүү болуп санала турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан