Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева өкмөттүн атынан "Тумар" бий тобунун бийчиси Адина Самыйбек кызына 100 миң сом берди. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Адинага өкмөттүк аппараттан бул каражат Казакстандын Астана шаарында коляскадагы бий боюнча өтө турган сынакка катышуу үчүн берилди.
Эскерте кетсек, Адина Самыйбек кызы өткөн жылы аталган шаарда спорт бийи боюнча өткөн сынакта"Single free style" номинациясы боюнча 2-орунга татыган.