Кыргыз өлкөсүнүн мурунку президенти Аскар Акаев өзүнүн милдетин расмий түрдө өткөрүп берген.
Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында туулган.
1968-жылы Ленинград Так механика жана оптика институтун ийгиликтүү бүтүп, аспирантурага тапшырган. Ал эми 1980-жылы Москва инженер-физика институтунда докторлук диссертациясын жактаган.
1984-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясына мүчө-корреспондент болуп шайланган. Ошол эле жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги болот.
Аскар Акаев - профессор, Орусиянын Илимдер академиясынын ардактуу доктору жана чет өлкөлүк мүчөсү. 7 ойлоп чыгаруунун, 43 макаланын, 150 чамалуу илимий иштердин ээси. 20 талапкер жана 3 илимий докторду даярдаган. Анын 7 окуучусу бир канча премиялардын лауреаттары болуп калышкан.
Аскар Акаев 1990-жылы 27-октябрда Кыргыз ССРинин Президенти болуп шайланган. 1991-жылы шайлоо учурунда жана 1994-жылы референдумда президенттик укуктары ырасталган.
1995-жылы 24-декабрда шайлоочулардын 70 пайыздан жогору колдоосуна ээ болуп, экинчи мөөнөткө президент болуп шайланган.
2005-жылдын 24-мартында кыргыз жеринде "Жоогазын революциясы" болуп, жыйынтыгында Аскар Акаев үй-бүлөсү менен өлкөнү таштай качкан. Ал алгач Казакстанга качып чыгып, андан ары Орусиядан саясий баш калкалоо алган. Ал 2005-жылдын 5-апрелинде өз ыктыяры менен кызматтан кетүү жөнүндө арызына кол коюп берген. 11-апрелде Жогорку Кеңеш анын отставкасын кабыл алган.
Элдин көтөрүлүшүнө ошол мезгилде Акаевдин жүргүзгөн авторитардык саясаты, анын жакындарынын парламентке келүү аракеттери, элдин жашоо-турмушунун оордугу, социалдык-экономикалык оор кырдаал себеп болгону белгилүү.