Кыргыз мамлекети Армения менен Азербайжанга Тоолуу Карабахтагы кырдаалды сүйлөшүү менен чечүүнү сунуштады.
ТИМдин маалыматында адамдардын жабыркашына жана каза болушуна алып келген окуяга кыргыз өлкөсү кабатыр экени белгиленип, эки мамлекетти жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырары айтылат.
Кыргыз Республикасы башынан өткөн тажрыйбанын негизинде бул жаңжалды да тынчтык жолу менен жөнгө салууга көмөктөшүүгө даярдыгы айтылат. Белгилей кетсек, 1994-жылдын 5-майында Тоолуу Карабах жаңжалын чечүү боюнча Бишкек протоколу кабыл алынган.
Карабах жаңжалында эки өлкө бири-бирин айыптоодо. Акыркы 3 күндөгү согуштук аракеттерден Армениядан 12 жоокер каза таап, 35и жаракат алганы, ал эми Азербайжан тараптан 12 жоокер каза болгону маалымдалды.
Тоолуу Карабах - жашоочуларынын көбүн армяндар түзгөн Азербайжандын аймагындагы автономдуу облус.