Өкмөт: "Былтыр өлкө боюнча 647 жаңы ишкана ачылып, 10 594 жумуш оруну түзүлгөн"

4-апрелде өкмөт жыйыны өтүп, анда Кыргыз Республикасынын 2015-жылга ишинин жыйынтыктары тууралуу отчёту талкууланды. Жыйынды ачып жатып өкмөт башчы Темир Сариев экономиканын акыркы көрсөткүчтөрү боюнча маалыматты айтып өттү.

Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, 2016-жылдын 1-кварталында мамлекеттик бюджеттин кирешесинин көлөмү 32 165,8 миллион сомду же пландалган тапшырманын 103,6 пайызын түздү. Пландалган суммадан ашкан каражат 1 114,6 миллион сомду түздү. Ал эми учурунда салыктык кирешелердин көлөмү 20 293,0 миллион сом же 95,7 пайызды түздү. Планда көрсөтүлгөн суммадан 914,5 миллион сомду түздү. Ошол эле учурда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 021,3 миллион сом же 11,1 пайызга көп.

Мамлекеттик бажы кызматы планды 104,6 пайызга аткарып, 5 762,4 миллион сом чогултту. Мындай жол менен планда көрсөтүлгөн суммадан 252,7 миллион сом ашыкча чогултулду. 2016-жылдын 1-кварталында республикалык бюджеттин 1-кварталындагы киреше көлөмү 28 533,1 миллион сом же 104,6 пайызды түздү. Пландалган суммадан ашкан каражат 1 251,7 миллион сом түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41,8 пайызга көп чогулду.

Премьер-министр Темир Сариев кирешелерди толтурууда коюлган планды толтурбаган жетекчилердин жоопкерчилиги караларын билдирди. Ошондой эле Сариев макроэкономикалык туруктуулукту сактап, экономикалык өнүгүүнү камсыздоо өкмөттүн негизги милдети экенин эске салып, аны аткарууга бардык мамлекеттик органдар өз аракетин толук кандуу жумшашы керектигин белгиледи.

"Былтыр дүйнөдөгү жана Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык каатчылыкка карабастан экономикалык өсүүнүн оң динамикасын сактап калдык. Анын жыйынтыгында былтыр 98 социалдык объект, анын ичинде 73 мектеп курдук. Ошондой эле ар бир райондо 10дон кем эмес ишкана ачуу тапшырмасы берилип, өлкө боюнча 647 жаңы ишкана ачылды жана 10 594 жумуш оруну түзүлдү”,- деди Темир Сариев.

Премьер-министр өкмөттүн бул жааттагы иш-аракеттери толугу менен уланып, дагы күчөтүлөрүн жана ар бир жетекчинин жоопкерчилиги караларын кошумчалаганын өкмөттөн билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан