Президент Алмазбек Атамбаев 5-апрелде өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жолугушту. Мамлекет башчыга Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү жана өлкөнүн аскердик кубатын күчөтүү иштери, Кыргыз Республикасынын аймагында кезектеги аскердик машыгууларга даярдык көрүү чаралары тууралуу маалымат берилди.
Орусия менен аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында өлкөгө заманбап аскер техникаларын, курал-жарактарды алып келүү маселелерин талкуулашканы айтылды. Жыйындын аягында мамлекет башчы өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүү жана коргоо жөндөмүн арттырууну мындан ары жандантып, күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.