Бишкекте жол чырак иштебеген кесилиште жол кыймылын 1,5 саат жөнгө салган балдар Жогорку Кеңеште сыйланышат

Бишкектин Ч. Айтматов - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебегендиктен жол кыймылын жөнгө салган 3 бала сыйланат. Тиешелүү демилге Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 5-апрелдеги жыйынында жактырылды.

Бул демилгени депутат Махабат Мавлянова көтөрдү. Анын айтымында, жол кыймылын жөнгө салган балдардын жасаган иши башка жаштар үчүн үлгү боло алат жана патриоттук сезимдерди ойготууга түрткү болот.

Комитеттин төрагасы Иса Өмүркулов бул сунушту колдоп, кийинки аптадагы жыйынга аталган балдарды чакырууну жана аларга белектерди даярдоону комитеттин мүчөлөрүнө тапшырды.

Эскерте кетсек, Бишкекте 1-апрелден 2-апрелге караган түнү Ч. Айтматов - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей айдоочуларга ыңгайсыздык жаралган. Бул учурда жол кыймылын жөнөкөй жарандар жөнгө салышып, жолдун ортосунда МАИ кызматкеринин милдетин аткарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан