Билимиң дипломго шайкеш келсе, жолдо калбайсың

Презентация учуруЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү үчүн стажировка программасынын 10 катышуучусу "Кумтөр Голд Компанидеги" практикалык ишинин алгачкы жарым жылдыгындагы аралык презентацияларын өткөрүштү.

2015-жылдын майында "Кумтөр" компаниясынын өкүлдөрү Бишкектин жогорку окуу жайларында бүтүрүүчүлөр үчүн стажировка программасын тааныштырууну өткөрүшкөн. Натыйжада 80ден ашуун билдирме түшүп, алардын ичинен 10 жеткиликтүү орунга стажёрлор тандалган. Жалпысынан стажировка эки жылга созулат. Бүтүрүүчүлөр кен ишканасынын өзүндө да, компаниянын башка кеңселеринде да бөлүмдөргө жайгаштырылган.

Программага катышуу учурунда стажёрлор эмгек акы алышып, турак жай, тамактануу, жеке коргонуу каражаттары, ошондой эле иштеги милдеттерин аткаруу үчүн бардык зарыл каражаттар менен камсыздалат. Андан тышкары аларда өндүрүштө зарыл болгон кошумча тренингдерден жана окуу программаларынан өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Белгилей кетсек, программа убагында катышуучулар менен насаатчы иштейт, ал ишти өздөштүрүүгө, коюлган милдеттерди аткарууга жана программанын иш-чараларына катышууга жардам берет.

Стажировкадан өтүп жаткандарКыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) "Электр энергетикасы" адистиги боюнча бүтүрүүчүсү Ильгиз Шаршеналиев өз тааныштыруусунда "Кумтөрдүн" жамаатындагы өзгөчө атмосфераны белгиледи. "Мага "Кумтөр Голд Компанинин" өз адистеринин кесипкөй жана жеке сапаттарын пайдалануу, карьерасын ийгиликтүү куруу пландарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүп, өнүгүүгө багытталганы өзгөчө жакты",- дейт ал.

Программанын бардык катышуучулары "Кумтөр" компаниясына өз билимдерин тажрыйбада колдонуу эле эмес, ЖОЖдордо окутпаган жаңы технологиялар жана ыкмалар менен таанышууга да мүмкүнчүлүк бергенине ыраазычылык билдиришти.

МААЛЫМДАМА: ЖОЖ бүтүрүүчүлөрү үчүн стажировкалар программасы окуу программасы тоо-кен тармагы менен байланышкан жана "Кумтөрдүн" өндүрүш ишине тиешеси бар мыкты бүтүрүүчүлөрдү тартуу үчүн 2006-жылы негизделген. Стажёрлор эки жыл аралыгында теориялык билимдерин иште түз колдонуу менен практикалык тажрыйба топтошот, "Кумтөр Голд Компанинин" түзүмү жана өндүрүштүн жалпы иши менен таанышат. Бүтүрүүчүлөрдү колдоо программасы таланттуу бүтүрүүчүлөрдү тартууда жана адам капиталын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Программаны ийгиликтүү аяктагандан кийин стажёрлор "Кумтөр" компаниясына ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
_oichul_
2016-04-05 14:55:08
Азаматтар
+1
marik10
2016-04-05 18:11:28
мындай стажировкалар келечекте ар кайсы тармактардагы адистердин сандарын кобойтугоо жардам берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан