Алмазбек Баатырбеков: “Биз Кыргыз Республикасы менен Япония парламенттеринин ортосундагы мамилени өнүктүрүүгө даярбыз”

5-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков Япониянын тышкы иштери боюнча парламенттик вице-министри Мики Ямадо менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, Алмазбек Баатырбеков өткөн жылдын күзүндө Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин кыргыз өлкөсүнө болгон сапарынан кийин биздин мамлекеттердин ортосундагы мамиле жаңы сапаттык деңгээлге чыкканын белгиледи. Ал Япония өкмөтүнө Кыргыз Республикасына экономика жаатында көрсөткөн ар кандай жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Мики Ямадо эки тараптуу мамилелердин тарыхында Япония өкмөт башчысынын Кыргыз Республикасына сапары, президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге жаңы дем бергендигин бышыктады. Анын пикиринде, эки өлкөнүн өнөктөштүгүн парламенттик кызматташуу аркылуу дагы өнүктүрүү, тереңдетүү зарыл.

“Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы парламенттик кызматташууда чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Жогорку Кеңеште Япония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук топ түзүлгөн. Биздин парламенттер ортосундагы мамилелерди арттырууга, мыйзам чыгаруу иштеринде тажрыйба алмашууга даярбыз”,- дейт Алмазбек Баатырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан