Оффшор чыры дүйнөлүк лидерлердин шаштысын кетирүүдө: Исландия премьер-министри отставкага кетти

Сигмундур Давид ГуннлейгссонОффшор чырына байланыштуу Исландиянын премьер-министри Сигмундур Давид Гуннлейгссон отставкага кетти.

Буга чейин премьер кызматтан кетүү ниети жоктугун билдирип, ал тургай өлкө парламентин таратууну президентке сунуштаган. Бирок нааразычылыктардан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгону айтылды. Журналисттердин эл аралык бирикмесинин иликтөөсүндө премьер-министрдин жубайы оффшорго ээлик кылары аныкталган.

Панамалык "Mossack Fonseca" компаниясынын базасындагы жашыруун маалыматтар тарап кеткенден кийин көптөгөн дүйнөлүк лидерлер жана алардын жакындары оффшордук бизнес менен байланышы бар делинип жатат.

Салыктан качуу жана акча кымырып калууга күнөөлөнүп жаткандардын катарында Орусиянын президенти Владимир Путин, Украинанын президенти Пётр Порошенко, Азербайжандын лидери Ильхам Алиевдин жакындары жана башкалар бар экенин айтылууда. Документтерде 72 президенттин (мурунку жана азыркы) аты аталууда.

Оффшор - өзгөчө жеңилдетилген салык режимин сунуштаган өлкөлөр, андагы компаниялар. Бул өлкөлөрдө салыктар жок же абдан төмөн. Негизинен ири бизнестин кожоюндары салык төлөөдөн качып, кирешесин көбөйтүү максатында оффшордук компанияларды пайдаланышат.

Мисал:

Кыргыз Республикасында - киреше салыгы 10 пайыз, пайда салыгы 10 пайыз.

Оффшордо - киреше салыгы 5 пайыз (мисалы), пайда салыгы 1 пайыз же таптакыр жок.

Кыргыз Республикасында - ишкананын сатуудан 1 миллион сом киреше таба турган продукциясы болсо, бул сумманын салыгы 100 миң сомду түзөт.

Оффшордо - ишкана ошол эле продукцияны оффшор-ортомчуга төмөндөтүлгөн баада 100 миң сомдук кирешеге сатат. Калган кирешени же 900 миң сомду товарды кайра сатуу менен оффшор (ушул эле ишкананын кожоюнунун менчиги) өзүнө алат. Салык болсо Кыргыз Республикасында сатылган товардын суммасына гана төлөнөт. Башкача айтканда, 100 миң сомдук кирешеге 10 миң сом төлөнөт.

Жыйынтык - ишкана салык төлөөдөн 90 миң сом үнөмдөйт.

Акча кымырууну көздөгөндөр үчүн мындан башка да артыкчылыктары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан