Уюшкан кылмыштуулукка каршы сапаттуу күрөш жүргүзүү максатындагы мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору азыркы учурда эл аралык кылмыштуу коомдоштуктар тарабынан каржыланып турган уюшкан кылмыштуулукка каршы сапаттуу жана натыйжалуу күрөш жүргүзүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору аркылуу коомдук коопсуздукка каршы, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыш иштери боюнча тергөө улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан да жүргүзүлүүсү каралган.

Долбоор 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан