Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-апрелде “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 18-февралында кабыл алынган бул мыйзам жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык укук бузууларды кароо боюнча администрациялык комиссияларын түзүү жана иш тартибин, алардын ыйгарым укуктарын, макамын бир беткей аныктоону камсыздоого багытталган.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.