Роза Отунбаева: "Азыр министрлер реформа эле реформа дешет, бирок эмнени реформа кылып жатышканы белгисиз"

Кыргыз Республикасынын мурунку Президенти Роза Отунбаева бүгүн, 6-апрелде депутат Өмүрбек Текебаев тарабынан жазылган "Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтү" китебинин бет ачарына келди. Убактылуу өкмөттү жетектеген Р.Отунбаева китеп тууралуу сөз кылып жатып азыркы саясий кырдаал боюнча да өз оюн айтты.

Ал элдин кыйынчылыктардан өтүп, акырындык менен бышып келатканын айтты. Ошондой эле министрлерди элге кызмат кылууга чакырды. "Министрлер, силердин өзүңөрдүн жумушуңар бүтүп жатат, бирок эмнеге мамлекеттин жумушун кармап жатасыңар? Президент силерди ушул кызматка дайындады, өзүңөрдү көрсөтпөйсүңөрбү?! Реформа эле реформа дешет, бирок кайсы реформаны айтып жатканын, эмне кылып жатканын биз билбейбиз. Ишиңерди так аткаргыла, биз айталы "мына бул министрди кызматка туура дайындаптыр" деп",- деди Р.Отунбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан