Өнөр жай ишканаларына суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралды

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Суу кодексине, “Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө”, “Суу жөнүндө” мыйзамдарга) 2-окууда каралды. Мыйзам долбоору боюнча депутат Дастан Жумабеков баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун максаты өнөр жай максатындагы суу ресурстарын пайдалануу үчүн төлөмдөрдү киргизүү процедурасын жөнөкөйлөтүү болуп саналат. Долбоор аркылуу Конституцияга ылайык келтирүү максатында аракеттеги мыйзамдардан Жогорку Кеңештин компетенциясындагы жаратылыш ресурсу катарында сууну пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн белгилөө алынып, өкмөткө берилүүдө.

Берилген сунуштарга ылайык, өзгөчө абалдын зоналары жана экологиялык кырсык зоналары деп жарыяланган суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын укуктук режимин белгилөө жана сууларды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн негизги өлчөмдөрүн, ошондой эле төлөмдөрдү өндүрүп алуу боюнча жеңилдиктерди белгилөө Жогорку Кеңештин компетенциясында калтырылууда.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан