1991-жылы 6-апрелде Кыргыз ССРинин коммунисттик партиясынын пленумунда Абсамат Масалиев Кыргыз ССРинин коммунисттик партиясынын 1-катчылыгынан алынган.
Ал 1985-жылы КПСС БКнын инспектору, 1985-жылдын ноябрынан 1991-жылдын апрелине чейин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болсо, 1990-жылдын апрель-декабрь айларында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон. Ал эми 1991-жылдын апрель-август айларында КПСС БКнын идеологиялык бөлүмүнүн кеңешчиси, 1993-1996-жылдарда Тоо-кен иштериндеги коопсуздукту техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болгон.
Абсамат Масалиев 1995-жылкы президенттик шайлоодо Аскар Акаевдин негизги атаандашы болгон.
Белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Ош облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулуп, 2004-жылдын 31-июлунда көз жумган.
6-апрелдин жылнаамасы.