Мындан туура 6 жыл мурун, 2010-жылы 6-апрелде жашоо-турмуштун улам оордоп баратканына чыдабаган Талас жана Нарын облустарынын эли митингге чыккан. Бул өлкөдө ошол кездеги президент Курманбек Бакиевге болгон нааразычылыктарды күчөткөн.
6-апрель күнү эртең менен Таласта милиция кызматкерлери “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Болот Шерниязовду "мамлекеттик ыңкылап жасоого аракет кылды" деген негизде камакка алышкан. Түшкө маал 3 миңге жакын адам облустук администрацияга бастырып барып, губернаторду барымтага алып, Болот Шерниязовду камактан чыгарган. Ошол эле мезгилде Нарында аксакалдар чогулушуп, губернатор Алмазбек Акматалиевди “эл тарапка өт” деп үндөй башташкан. Саат 16:10дордо Таласта митингге чогулган эл Курманбек Бакиевдин сүрөтүн өрттөп, Элдик курултай комитети Таластагы окуялардан улам укук коргоо органдарына кайрылуу жасап, элге каршы курал колдонбоого чакырган. Ошол эле күнү кечинде Таласка 5 учак менен атайын даярдыктан өткөн аскерлер жеткирилип, ошол учурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов маалымат жыйынын өткөрүп, Таласта абал тынч экенин айткан.