Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин кыргыз жерине иш сапары менен келет

8-апрелде Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин Кыргыз Республикасына иш сапары менен келет. Жогорку Кеңештен билдиришкендей, иш сапардын алкагында Сергей Нарышкиндин өлкө жетекчилиги менен жолугушуусу, ошондой эле “Евразиялык экономикалык келечек” Эл аралык форумунда сөз сүйлөөсү пландаштырылган.

Эске салсак, аталган форумдун ишине Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин парламенттеринин депутаттары, кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын, бизнес коомчулуктун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан