Өкмөт отставкага кетип, Жогорку Кеңеште 2015-жылдагы иши боюнча отчёт берүүсү белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында өкмөт 2015-жылдагы иши боюнча отчёт бериши керек болчу. Жыйынга баяндамачы катары биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Аалы Карашев чакырылган, бирок ал келбей койду. Өкмөттүн парламенттеги өкүлүнүн айтымында, өкмөттүн отставкага кетишине байланыштуу маселелерден улам А.Карашев жыйынга келе алган жок. "Бүгүн анын бир топ маанилүү жолугушуулары бар. Отчётту угууну башка күнгө жылдырууну суранабыз",- деп толуктады өкмөттүн өкүлү.

Комитеттин мүчөлөрү каршы пикир айтышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан