"Кризис шартында жана жазгы талаа жумуштары кызып турган кезде Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттү дайындоо жана анын программасын бекитүү маселелерин мүмкүн болушунча тез арада карашы керек. Өкмөттүн тутумуна жана курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкса, ал маселени кийинчерээк деле караса болот. Бүгүн өкмөттүн алдында ыкчам чечүүнү талап кылган көп милдеттер жана көйгөйлөр турат",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-апрелде коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялардын лидерлери менен жолугушууда.
Мамлекет башчы менен жолугушууга КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов катышты.