Дальмира Тилепберген режиссёрлук кылган “Асман алдында” тасмасы "Зеркало" Эл аралык кинофестивалынын сынактык программасына киргизилди. Фестиваль 14-19-июнь аралыгында Орусиянын Иванов облусунда өтөт.
Маалым болгондой, кинофестивалдын сынактык программасында калыстар тобу талапкерлердин ичинен “Мыкты тасма”, “Мыкты режиссёрдук иш” номинациялары боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташат.
Кинофестиваль Орусия Федерациясынын Маданият министрлигинин колдоосу алдында быйыл 10-ирет уюштурулуп жатат.