Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда сугат суу көйгөйү чечилди

Суу сактагычтарды тазалоо иши 2017-жылы да улантылатЖети-Ɵгүз жана Тоң райондорунда эки суткалык жөнгө салуу бассейни (СЖБ), суу сактагыч, суу топтогуч жана сегиз канал "Кумтөр" компаниясынын колдоосу менен сугат иштери башталар алдында тазаланды. 2016-жылдын 12 объектидеги кыртыш иштеринин жалпы бюджети 14 миллионго жакын сомду түздү.

Бул "Кумтөр" компаниясынын аймактагы айыл чарбалык ирригациялык инфраструктураны калыбына келтирүү жана реабилитациялоо долбоорлорунун биринчиси эмес. Өткөн эле жылы "Кумтөрдүн" колдоосу менен төрт СЖБ жана суу сактагыч тазаланган.

Суу резервуарларын жана каналдарды механикалык тазалоо боюнча кыртыш иштерин жергиликтүү подряддык уюмдар аткарат, ишке тартылган оор техника болсо "Кумтөр" кенинен алынып келинет.

Тоң районунун бийлиги жана облустун өкүлдөрү Төрт-Күл айылындагы ири суу сактагычты тазалоону быйыл да улантууну чечип, компания аларга жардамга келди. Тоңдук аграрийлердин айтуусу боюнча, бул суу сактагычты тазалоону улантуу райондун эң кургак бөлүгүн сугат суу менен камсыздоодогу эң оптималдуу чечим. Суу сактагыч 3,743 гектар жерди сугарууга эсептелген. Быйылкы иштердин жүрүшүндө 125,000 куб метр тунган ылай тазаланды. Жергиликтүү бийлик жана суу сактагычты пайдаланган айылдардын өкүлдөрү менен макулдашууга ылайык, тазалоо иштери 2017-жылы да улантылмакчы.

Актилек ТүнгатаровЖети-Ɵгүз районунда СЖБлар Аң-Өстөн жана Ырдык айылдарында тазаланды, ошондой эле Тосор, Ак-Дөбө, Ырдык, Липенка жана Кызыл-Суу айылдарында каналдар калыбына келтирилди.

Иш учурунда эки СЖБдан 35 000 куб метр балыр жана ылай тазаланды. Тазаланган сугат каналдардын узундугу 33,370 метрди түздү.

"Биздин компания үчүн айыл чарбасын инвестициялоо Ысык-Көл облусун колдоодогу приоритеттүү багыттардын бири, себеби жашоочулардын көпчүлүгү агрардык чөйрөдө алектенет. Биргелешкен аракеттер менен жергиликтүү фермерлерди сугат суусу менен камсыздоого кубанычтабыз",- деп белгиледи "Кумтөр Голд Компанинин" туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Актилек Түнгатаров.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
marik10
2016-04-14 19:16:10
менин оюмча фонддун каражаттарын туура колдонушса бул маселе илгериле чечилмек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан